• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда профилактикалык иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда профилактикалык иштер уланууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чаткал РИИБдин жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Алар тоголок жетим балдар менен да маектешип, алардын көйгөйлүү маселелерин жеринде талкуулашты. Ошондой эле кылмыштуулукту болтурбоо багытында мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилди.

Ал эми Ала-Бука жана Ноокен РИИБдеринин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айыл аралашып, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алып жатышат. Чек арага жакын жайгашкан айыл элдери менен жолугушуулар өткөрүлүп, мал жандыктарына сак болуу керектиги жеткирилди. Ошондой эле жашы жете элек балдарды ар дайым көзөмөлдөө жана татыктуу тарбия берүү зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий