• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда рейд өткөрүлүп, жол эрежесин бузган 511 айдоочу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Ушул жылдын 12нен 27-июнга чейинки аралыкта жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин тийиштүү тескемесинин жана иш-мерчеминин негизинде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун аймагында кылмыштуулуктун, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында "Тартип" аталыштагы рейдтик иш-чара болуп өттү.

Жалал-Абад облустук милициясынын ЖКККБнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган иш-чарада ЖКККБнын, Жалал-Абад ОИИБдин МКККнын өзүнчө ротасынын, ошондой эле атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринен түзүлгөн атайын мобилдик экипаждар күн сайын күзөт багыттарында жумуш алып барышты.

Аталган иш-чарада жол кыймылынын эрежелерин одоно түрдө бузган жалпы 511 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде протоколдор түзүлүп, 79 автоунаа атайын айып короого коюлду.

Андан сырткары, мас абалында унаа башкарган - 24, алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн - 13, мамлекеттик белгиси жок - 2, тийиштүү документтери жок унаа башкарган - 45 жана башка жол эрежелери боюнча - 427 айдоочуга тиешелүү чаралар көрүлүп, протоколдор түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий