• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда рейд учурунда 15 ок атуучу курал алынды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында парламенттик шайлоо күнү коомдук коопсуздукту камсыздоо жана курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында милиция тарабынан “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Рейддин алкагында курал-жарак сактоочу 50 объект текшерилген. 2 миң 200дөн ашуун мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн курал сактоо эрежелери текшерүүдөн өтүп, тиешелүү эрежелерди бузган 52 атуул аныкталган. Алардын ичинен 12 жаранга айыппул салынып, 40 жаранга эскертүү берилген.

“Арсенал” операциясынын алкагында облус аймагындагы мергенчилерден жана карамагында ок атуучу куралдары бар мекемелерден жалпы 267 ок атуучу курал жарактуулугу боюнча текшерүүдөн өткөрүлгөн. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 15 ок атуучу курал жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий