• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ала-Бука району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан район аймагындагы соода жайларында өрткө каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө соода жай ээлерине, ижарачыларга, сатуучуларга соода жайларындагы өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, - деп билдиришти ведомстводон.

Соода жайларында өрт кырсыктарын алдын алуу максатында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн төмөнкү эрежелерди эске тутуу керек:

- Соода жайларындагы электр зымдарын эрежелерге ылайык куроо,
- Иш убактысы бүткөндөн кийин соода жайларында керексиз электр жабдыктарын өчүрүү,
- Соода жайларын, кампаларды өрттү автоматтык түрдө кабарлоочу, өчүрүүчү жабдыктар менен жабдуу зарыл.

Ошондой эле КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан аймактарда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо мезгилинде өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүүнү да улантууда.

Кылкандуу дан эгиндерин жыйноо өнөктүгүнө катышкан айыл чарба техникалардын ээлерине, дыйкандарга өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндер аянттарында 3 жолу өрт кырсыгы катталып, натыйжада 0,92 га аянттагы орула элек кылкандуу дан эгиндери жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий