• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган иштер күчөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда турак жай секторунда өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган иштер күчөтүлүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Закиров билдирди.

Анын айтымында, район, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан кызмат өтөөдөн бош мезгилде бөлүнүп берилген көчөлөрдү кыдыруу жолу менен жашоочуларга от жагуу, жылытуу мезгилиндеги мештерди, электр жылытуучу приборлорун туура пайдалануу, тоютту сактоодогу өрт коопсуздук чаралары, өрт чыккан учурдагы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Жыл башынан ушул күнгө чейин 1211 турак үйдөгү 1923 жашоочуга жогорудагыдай нускамалар өтүлгөн” – деди Закиров.

Аталган иш-чаралардын максаты – кышкы өрт кооптуу мезгилде адам өмүрүн сактоо, өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу, калктын өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматын жогорулатуу болуп саналат.

Мындай аракеттер республиканын бардык аймактарында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий