• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 25,4 пайызга азайган, каза болгон жана жабыркагандар жок

Кырсык 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 25,4 пайызга азайган, каза болгон жана жабыркагандар жок. Бул тууралуу КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын башчысы полковник Абдулнасир Закиров маалымдады.

“2020-жылдын 9 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 265 өрт кырсыгы катталган, ал эми өткөн жылы ушул эле аралыкта 355 өрт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 25,4% азайган. Быйыл өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, 2019-жылы 5 адам каза болуп, 2 адам жабыр тарткан. Өрттү өчүрүүдө 2 адам өмүрү жана 877 млн 218 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган”, - деди ал.

Болуп өткөн өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 18 млн 708 миң 323 сомду түзгөн.

Облустагы өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан –89 (33,6%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 30 (11,3%);

- балдардын от менен ойноосунан – 44 (16,6%),

- мештерди жана морлорду колдонууда этиятсыздык – 14, (5,3%);

Өрт болгон негизги обьектилер:

- турак жай сектору - 181 (68,3%)

- автоунаа, гараж, - 30 (11,3%)

- ачык аймак - 18 (6,8%)

-өндүрүш обьектилери - 9 (3,4%)

- кампалар, соода бөлмөлөр 7 (2,6%)

Болуп өткөн өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жалал-Абад шаарында -28;

- Кара-Көл шаарында- 8;

- Майлуу-Суу шаарында-7;

- Таш-Көмүр шаарында -15;

- Аксы районунуда- 22;

- Ала-Бука районунда- 14;

- Базар-Коргон районунда- 21;

- Ноокен районунда -43;

- Сузак районунда -71;

- Тогуз-Торо районунда -4;

- Токтогул районунда -26;

- Чаткал районунда- 6 өрт кырсыгы катталган.

Жалпы 265 өрт кырсыгынан 181 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталган.

Пикир

Оставить комментарий