• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда саат 14:00гө карата шайлоочулардын 29,6% добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда саат 14:00гө карата шайлоочулардын 29,6% добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саат 14:00гө карата аймактардагы шайлоо тилкелеринде 190 миң 541 шайлоочу добуш берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда саат 14:00гө карата 990 492 адам добуш берди. БШКнын маалыматына караганда, бул жалпы шайлоочулардын 28,11%ын түзөт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий