• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,9 пайызы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда саат 16:00гө карата 179 миң 101 жаран мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берди. Бул шайлоочулардын жалпы санынан 26,9 пайызын түзөт.

Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аймактардагы пайыздык көрсөткүчтөр:

- Кара-Көл шаары - 35,2;

- Чаткал району - 31,8;

- Майлуу-Суу шаары - 31,6;

- Таш-Көмүр шаары - 30,8;

- Аксы району - 30,6;

- Тогуз-Торо району - 29,2;

- Токтогул району - 28,2;

- Ноокен району - 27,0;

- Ала-Бука району - 25,9;

- Жалал-Абад шаары - 24,7;

- Сузак району - 25,4;

- Базар-Коргон району - 22,9.

Учурда президенттик шайлоо жана референдум уланууда. Саат 16:00гө карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 946 миң 104 (26,55%), президенттик шайлоодо 947 миң 614 (26,59%) жаран добуш берди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий