• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда “Салам мектеп” рейди өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-9-сентябрь күндөрү Жалал-Абад шаардык милициясы, шаардык билим берүү бөлүмү, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо өкүлдөрү тарабынан "Салам мектеп" аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, рейддин негизги максаты онлайн сабактарга окуучулардын катышуусун көзөмөлгө алуу жана ЖИИнин каттосунда турган өспүрүмдөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

"Мындай рейд Ноокен РИИБи тарабынан да тиешелүү кызматтар менен биргеликте өткөрүлдү. Бул иш-чарага жалпысынан 51 кызматкер катышып, жашы жете электердин болжолдуу чогула турган жерлери текшерилип, 59 мектептерде онлайн окубаган окуучулар аныкталды. Анын ичинен турмуштук оор кырдаалга кабылгандардын саны үчтү түзөт. Рейддин жыйынтыгы боюнча РИИБдин демилгеси менен райондук мамлекеттик администрациясында тегерек стол уюштурулуп, айтылган сын-пикирлердин негизинде иш-мерчем иштелип чыкты", - деп айтылат маалыматта.

"Салам мектеп" иш-чарасынын алкагында Базар-Коргон милициясы район аймагында эмгекке тартылган 13 өспүрүмдү аныктап, тиешелүү кызматтарга сунуштарды берди.

Рейддин жүрүшүндө дыйканчылык жана азык-түлүк базарлары, ашканалар, унаа оңдоочу жайлар көзөмөлгө алынды.

Пикир

Оставить комментарий