• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда санитардык нормаларды сактабаган 75 субъектке акт түзүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда санитардык нормаларды сактабаган 75 субъектке акт түзүлгөн. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, атайын түзүлгөн топтор тарабынан экономикалык ишмердүүлүгүн жанданткан субъекттер текшерүүгө алынууда.

"Түзүлгөн топтор тарабынан 1096 субъект текшерүүгө алынган. Анын ичинен санитардык нормаларды сактабаган 57 субъектке акт түзүлгөн, 34нө санитардык көрсөтмөлөр берилген. Ал эми көпчүлүгүнө эскертмелер берилди", - деп билдирди өкүл.

Мирзахмедов кайрадан текшерүү жүргүзүлгөн кезде санитардык нормалар сакталбагандыгы аныкталса, анда аларда карата тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын баса белгиледи.

"Республикалык штаб тарабынан уруксат берилген мекеме-ишканалар толук кандуу иштерин жүргүзүп жатат . Ошондой эле облустук жана райондук штабдар тарабынан дагы кырдаалга жараша уруксаттар берилүүдө", - деп түшүндүрдү ал.

Өкмөттүн өкүлү кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Сузак-Жалал-Абад каттамына гана уруксат берилген, башка каттамдарга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий