• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда солдат аскер кызматкерин сүзүп өлтүрүп алган

Кырсык 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 18-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин келишим кызматынын 30295 аскер бөлүгүнүн катардагы аскери А.Т. ушул эле бөлүктүн аскери Т.М. кылдатсыздыктан сүзүп алган.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын натыйжасында катардагы аскер Т.М. Майлуу-Суу аймактык ооруканасына жеткирилип, анда өзүнө келбестен көз жумган.

Окуя бөлүктүн техниканы пландуу тейлөө жүргүзүлүүчү паркында болгон.

Бул факт тууралуу Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы маалымдалып, тергөө жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий