• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда өспүрүмдөр арасында профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө, - деп билдирет облустук милициянын маалымат кызматы.

Атап айтканда, Базар-Коргон, Майлуу-Суу, Кара-Көл жана Ала-Бука милициясы мектеп окуучулары, ата-энелер менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга, эрте никеге турууга бөгөт коюу маселелери талкууланды. Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууда биргелешип, тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди. Форма кийүүгө кызыккан окуучуларга милициянын шаймандары көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан мектеп окуучулары арасында волейбол мелдеши өткөрүлдү. Оюндун жүрүшүндө тартип сакчылары жаш өспүрүмдөрдү мекенди жана спортту сүйүүгө чакырышты.

Бул сыяктуу профилактикалык жумуштар башка райондордо дагы жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий