• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн болтурбоо максатында милиция тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери сууга түшүүгө кооптуу участокторго эскертүү тактайчаларын орнотууда. Сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аптаптуу күндөрү сууга түшүүдө этият болууга чакырып, суу бойлорунда түртүшүп ойнобоо керектигин эскертишти.

Ошондой эле ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алууга чакырышты. Чоңдордун коштоосу жок өспүрүмдөрдү сууга түшүрбөөгө, кооптуу деп эсептелинген көлмөлөргө, каналдарга барбоого үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий