• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда төрт жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен катар Жалал-Абад облусунун район-шаарларында төрт жергиликтүү кеңешке шайлоо жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Аксы районунун Кербен шаары, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылы, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш жана Чаткалдын Терек-Сай айылдарынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо өтүүдө.

Аталган аймактарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 29 миң 572 шайлоочу катталган.

Пикир

Оставить комментарий