• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 29,9%га азайды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 138 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 197), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 29,9%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, ал эми 2019-жылы 5 адам каза болуп, 2 адам жабыр тарткан. Өрттөн 2 адам куткарылган.

Болуп өткөн өрттүн кесепетинен материалдык чыгым 7 млн 95 миң 9 сомду түзгөн. 92 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 66,7 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 39,9%;
- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 14,5%;
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 13,8%;
- балдардын от менен ойноосуунан – 13,8%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жалал-Абад шаарында -17;
- Кара-Көл шаарында- 2;
- Майлуу-Суу шаарында- 4;
- Таш-Көмүр шаарында -13;
- Аксы районунуда- 10;
- Ала-Бука районунда- 8;
- Базар-Коргон районунда- 13;
- Ноокен районунда -24;
- Сузак районунда -29;
- Тогуз-Торо районунда -3;
- Токтогул районунда -13;
- Чаткал районунда- 2 өрт кырсыгы катталган.

Урматтуу жарандар, өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

• бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
• күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
• балдарды кароосуз калтырбагыла;
• күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
• электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
• тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий