Жалал-Абад облусунда өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 34,2 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 102 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 155), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 34,2%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, ал эми 2019-жылы 5 адам каза болуп, 2 адам жабыр тарткан. Өрттөн 2 адам куткарылган. Өрт кырсыктарынын 70и турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 68,6 %ын түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 45%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 11,7%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 10,7%;
  • балдардын от менен ойноосунан – 11,7%, өрт кырсыгы болду.

Өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча :

  • Жалал-Абад шаарында -15;
  • Кара-Көл шаарында- 1;
  • Майлуу-Суу шаарында- 2;
  • Таш-Көмүр шаарында -9;
  • Аксы районунда- 7;
  • Ала-Бука районунда- 5;
  • Базар-Коргон районунда- 11;
  • Ноокен районунда -15;
  • Сузак районунда -23;
  • Тогуз-Торо районунда -3;
  • Токтогул районунда -9;
  • Чаткал районунда- 2 өрт кырсыгы катталган.

Урматтуу жарандар, өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла.

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий