• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда өткөн жылы 28 миң 921 ымыркай төрөлгөн

Аймак 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда өткөн жылы 28 миң 921 ымыркай төрөлгөн. Бул тууралуу облустун саламаттык сактоо тармагынын жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясында белгилүү болду.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, коллегияга облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жана тармактын кызматкерлери катышты.

Анда бүгүнкү күнгө чейин илдетке кабылгандардын жалпы саны 9 миң 743тү түзүп, оорудан 168 жаран көз жумганы айтылды. Кызыл аймакта иштеп илдет жуккан 2 дарыгер жана 1 медайым каза болгон. Алардын үй-бүлөлөрүнө буга чейин мамлекет тарабынан 1 млн сомдон компенсация берилген. Илдет жугузган 234 дарыгердин тийиштүү документтери жиберилип, 64ү бир жолку чегерилген төлөмдөрдү алышкан.

Өткөн жылы облуста 28 миң 921 ымыркай төрөлгөн. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 574кө аз. Бир жашка чейинки балдардын өлүмү 11,3 пайызга кыскарган. Бул аралыкта төрөттөн көз жумган энелердин саны 4кө көбөйгөн. Ал басымдуу Сузак районунда катталган.

Өкүл тармакты жакшыртуу үчүн жасалуучу иштер арбын экенин айтты.

"2020-жыл дарыгерлер үчүн кызматтык милдетин аткаруудагы оор жылдардан болду. Жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүдө шарттарды жакшыртууга көңүл буруу керек. Бул багытта донорлор менен иштөөгө да басым жасаңыздар. Ал эми жеке менчик клиникаларда жаралган маселелерди тийиштүү көзөмөлдөө органдарына кайрылуу, энелердин өлүмүн кыскартууда натыйжалуу иш жүргүзүү зарыл,"' - деди А.Сыргабаев.

Жыйында көп жылдык эмгеги жана илдет менен күрөшүүдө салым кошкон кызматкерлер сыйланды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 437 медициналык мекеме бар. Аларда 1 миң 658 дарыгер, 6 миң 283 орто медициналык кызматкер эмгектенет. Облустун калкы 1 млн 226 миңден ашат.

Пикир

Оставить комментарий