• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда той-аш жана үй-бүлөлүк мааракелердеги ашыкча чыгымдарды токтотуу аракети көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда той-аш жана үй-бүлөлүк мааракелердеги ашыкча чыгымдарды токтотуу аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул багытта чыккан президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында облус өкүлүнүн тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун жыйыны өткөрүлүп, курамындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана дин өкүлдөрү коомчулук арасындагы ар түрдүү мааракелердеги чыгымдарды кыскартуу жол-жоболорун талкуулашты.

Мындагы аракеттер элдин социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатын көздөйт.

Алдыда облустук жумушчу топтун чечими менен бирдиктүү жобо иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий