• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда тоноочулукка шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургунду тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгына Жалал-Абад шаарынын 52 жаштагы тургуну кайрылып, таң эрте анын үйүнө белгисиз адамдар киргенин айтып берген. Кылмышкерлер үйдүн ээсин бир нече жолу бет талаштыра урушуп, ал жыгылып калганда бутуна жана колуна белгисиз курал менен атышкан, ошол эле учурда алар акча кайда катылганын айтуусун талап кылышкан.

Кыска аралыкта шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Ыкчам-издөө иш-чарасынын жүргүзүүдө Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 22 жана 27 жаштагы 2 жашоочусун кармашкан.

Аталган факты боюнча кармалгандарга карата КРнын Кылмыш кодексинин 168-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоо жайына камалышты. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий