• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда жаңы жылга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жаңы жылга карата милиция тарабынан профилактикалык жумуштар жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери жарандарды пиротехникалык каражаттарды колдонууда этият болуп, түрдүү кырсыктардын алдын алууга жана алыс болууга чакырып жатышат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБи тарабынан “Укук жана тартип” аталышындагы рейд жүрүп, 350 адамдан турган 70 кожолук текшерүүгө алынды. Ар бир текшерилген кожолукка атайын даярдалган маалымат баракчалары таркатылды.

Жергиликтүү тургундарга жаңы жылдык салюттарды колдонууда этият болуу керектиги эскертилди.

Ошондой эле алардын укуктары жана кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. Аталган рейддин алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бир даана сайсыз ок атуучу куралы жарандар тарабынан өз ыктыяры менен милицияга тапшырылды.

Ал эми Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн жаңы жылдык кечелерди уюштурбоо керектиги эскертилди. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушуп, аларды ар түрдүү кылмыштуулуктан жана кырсыктардан алыс болууга үндөштү.

Ата-энелерге өз балдарын көзөмөлгө алуу, түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо жана майрамдык кечелерди уюштуруп бербөө керектиги жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий