• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда жалган маалымат таратуу боюнча 12 факты териштирилүүдө – комендант

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жалган маалымат таратуу боюнча 12 факты териштирилүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо боюнча милиция кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте иш алып барууда.

"УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 12 факты катталып, алар боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ошондой эле соода түйүн ээлери тарабынан бааны мыйзамсыз көтөрүү боюнча 2 факты бар. Алар боюнча да териштирүү жүрүп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетет. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий