• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда жеңил атлетика боюнча жаштар биринчилиги болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. 12-ноябрда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында жеңил атлетика боюнча жаштар биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чараны Аксы райондук милиция кызматы Кербен шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурган. Жарыш 10-ноябрь – бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнүн алкагында өткөрүлгөн.

Мелдешке Кербен шаарындагы 10 орто мектептин 16 жаштагы улан-кыздары катышты. Мектеп окуучулары 2 чакырым аралыкка жүгүрүшкөн.

Жарыштын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар, медалдар жана кубок ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий