• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда жер көчүп, Көк-Арт дарыясынын суусун жаап калды

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айыл аймагындагы Сары-Булак айылында жер көчкөн.

ӨКМден кабарлашкандай жер көчкү бүгүн, 29-апрелде көчүп, айылдагы Көк-Арт дарыясына түшүп, сууну жаап калган.

Учурда жер көчкүнүн көлөмү такталууда.

“Жеринде КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүм башчысы жана райондук ЖК комиссиясы тиешелүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Абал боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий