• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда саат 13:46да Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллга жеткен жана Сузак районунун Көк-Жаңгак, Михайловка, Сары-Булак айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий