• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 12-июнда саат 10:30да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Жийде, Жаңы-Жер, Бек-Абад айылдарында 3 балл, Жар-Кыштак, Күмүш-Азаз, Сузак, Чек-Дөбө, Таш-Булак, Лагдан-Кара айылдарында жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий