• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматына ылайык 24-июнда түнкү саат 2:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон районунун Арсланбап, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында 3 балл, Гүмкана, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий