• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 20:28де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Күмүш-Азиз, Жийде, Бек-Абад айылдарында 4 балл, Октябрь, Багыш, Таш-Булак, Жар-Кыштак, Бостон айылдарында 3,5 балл жана Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий