• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан каза болгондордун өздүгү такталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында жол кырсыгынан каза болгон эки адамдын өздүгү такталды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алар 1992- ж.т. З. уулу М., жана 1991-ж.т. Р уулу Т аттуу жарандар.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-февралда болжол менен саат 04:39 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеңил унаа менен “Днепр” үлгүсүндөгү кран кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, 2 адам каза болгон.

Куткаруучулар жерине барып каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаанын ичинен чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий