• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда жол кырсыктарынын алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочулар жана мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, таңкы саат 7:30дан баштап мектеп окуучуларына "Коопсуз жол" иш-чарасы өтүүдө.

“Балдар биздин келечек” аталышындагы иш-чаранын алкагында жаш өспүрүмдөр менен жолугушуулар болуп жатат. Анын алкагында келечек ээлерине жол эрежелери боюнча маалыматтар берилип, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор айтылып, түрдүү интеллектуалдык оюндар өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, айдоочуларга унаалардын дөӊгөлөгүн сөзсүз түрдө кышкы мезгилге ылайык келтирүү талабы коюлууда. Адам өмүрү баарынан кымбат экендиги эскертилип, унаада бара жаткан жарандардын коопсуздугун эстен чыгырбоо зарылдыгы жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий