• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда ЖРТ тапшыруу үчүн 18 мектепте даярдык иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу үчүн 18 мектепте даярдык иштер жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, 4-июнь күнү акимдердин орун басарлары, вице-мэрлер жана билим берүү тармагындагы адистер менен жыйын болгон.

"Облус боюнча 18 мектеп тандалып алынган. Жеке өзүм Аксы жана Ноокендеги мектепдерди ЖРТ тапшырууга кандай иштер жүрүп жатканы менен таанышып келдим. Ыкчам штабдын өкүлдөрү эртең, 19-июнда ар бир мектептин даярдыгы тууралуу маалымат берет", - дейт ал.

Ызабеков кошумчалагандай, алыскы Майлы-Суудагы окуучулар Кочкор-Атага, Чаткалдагы бүтүрүүчүлөр Ала-Букадагы мектепке ЖРТ тапшыруу үчүн жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий