• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда зордук-зомбулуктардын алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрынан 11-декабрына чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында милиция жер-жерлерде профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Алсак, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын, аймактык оорукананын, социалдык жана үй-бүлө, балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте "Зордук-зомбулуксуз жаркын жашоо" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө укук бузууларга бөгөт коюу, кылмыштуулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы мектеп рекетчилигинин, эрте никеге туруунун, үй-бүлөлүк жана жаш балдарга карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, Кербен шаарынын борборунда ЖАМУ колледжинин студенттери жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте жөө жүрүш уюштурулду. Жөө жүрүштүн катышуучулары колдоруна зомбулуктардын алдын алууга багытталган лозунгдарды район борборунан көтөрүп өтүштү.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын Балдар экологиялык борборунда зордук-зомбулуктарга каршы акция өткөрүлдү. Анда балдарды коргоо бөлүмүнүн, Жалал-Абад ШИИБдин ЖИИнин инспекторлору менен биргеликте иш-чарага катышкандар ортосунда талкуулар орун алды. Соңунда мектеп окуучуларына, студенттерге брошюралар таратылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий