• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абад облусундагы дамбалардын абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов дамбаларды текшерип чыкты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 20-майда Акматов Сузак районундагы Кѳк-Арт менен Кара-Дарыя суу жээктериндеги дамбалардын абалын кѳрүү үчүн айыл аймактарга барды.

  • Алар;
  • Тайгараев айыл аймагы;
  • Ленин айыл аймагы;
  • Сузак айыл аймагы;
  • Кара-Дарыя айыл аймагы.

Жеринен дамбалардын абалын кѳрүп, Сузак району селге кооптуу аймак экенин белгиледи. Ошондой эле курулуп бүткѳн иштер менен таанышып, быйылкы жылы курулуучу участокторду кѳрдү. Алардын арасынан быйылкы жылга эӊ кооптуу деп аталган алты аймакты биринчи бүтүрѳрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий