• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад облусундагы ууланып каза болгондордун саны 6 адамга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда дагы үч адам ууланып каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 03:30дан 04:30га чейин Аксы аймактык ооруканасына 4 адам түшкөн. Анын үчөө каза болуп калган. Ал эми бирөө орто оор абалда дарыланууда.

Мындан сырткары, үч жаран үйдө көз жумган.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын 2-мартында саат 13:30дан 16:30га чейин Кара-Суунун 19 тургуну Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде тамактанышкан. Жабыркагандардын айтымында, алар салат, бешбармак жана сууга аралаш спирт ичишкен.

"Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун жана аймактык оорукананын адистер тобу биргеликте эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, кафеде болгон башка адамдарды кароодо. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", - деди Санэпидкөзөмөл борборунун жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Бүбүжан Арыкбаева.

Эскерте кетсек, буга чейин Аксыда ууланып үч адам каза тапканы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий