• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун аймагынан мал уурулар кармалышты

Аймак 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. “Каракчы” операциясы учурунда милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларын жүргүзүшүп, мурда катталган кылмыш иштеринин беттери ачылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургундарынын сарайында байланып турган 5 баш малын 28 жаштагы эки жаран уурдап, Жалал-Абад шаарынын мал базарына алып келип, ар бир башын 6000 мин сомдон сатып жиберген. Шектүүлөрдүн бири Майлуу-Суу шаарынын 28 жаштагы тургуну болот.
Натыйжада, Аксы районунун тургундары 30 миң сомдук материалдык чыгымга учурашкан.

Бул факты боюнча Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жарандардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо максатында териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, Токтогул районун Ак-Тектир айылынын 65 жаштагы К.Т. аттуу тургундун үйүнөн айылдашы сарайында байланып турган 1 баш малын түн ичинде алып чыгып, мал базарга алып барып 40 миң сомго сатып жиберген. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде уурдалган мал ээсине кайтарылган.

Ал эми аталган факт боюнча 65 жаштагы тургунга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, сот тарабынан үй камагына чыгарылган.

Шектүү буга чейин бир да кылмышка тартылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий