• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун аймагында арзан көмүр саткан түйүндөр иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында жалпы 41 сатуу түйүндөрү уюштурулуп, тоннасы 4 миң 500 сомдон сатылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районунунда 6, Ала-Бука районунда 8, Базар-Коргон районунунда 9, Ноокенде 2, Сузак районунда 2, Токтогул районунда 3, Тогуз-Торо районунда 3, Чаткал районунда 4, Жалал-Абад жана Таш-Көмүр шаарында бирден арзан көмүр сатуу жайлары иш алып барууда.

Мындан сырткары, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинен 420 миң сом акча каражат бөлүнүп, 210 үй-бүлөгө 2 миң сомдон акча каражаты бөлүштүрүлгөн.

"Тегене" ЖЧКсы тарабынан Таш-Көмүр шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жумушчуларга 50 тонна бекер көмүр таркатылды.

Базар-Коргон шаардык мэриясы 150 үй-бүлөнү көмүр менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом акча каражатын бөлсө, Сузак айыл өкмөтү 77 муктаж үй-бүлөнү көмүр менен камсыздады. Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 тонна көмүр таратылды. Токтогул районунун Суеркулов айыл өкмөтү 61 тонна, Чолпон-Ата айыл өкмөтү муктаж үй-бүлөлөргө 44 тонна көмүр жеткирген.

Белгиленгендей, облус аймагында көмүрдүн баасына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө, кескин жогорулоо жана тартыштык жок.

Пикир

Оставить комментарий