• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун аймагында башаламан соода менен күрөш уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында "Башаламан соода" аттуу рейд жүрүп жаткандыгын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө тиешелүү орган кызматкерлери тарабынан жолго жакын жана өз алдынча башаламан соода кылгандарга катуу эскертүүлөр берилген. Айрымдарына мындай көрүнүштөр кайрадан кайталанса Кыргыз. Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жоопко тартыла тургандыктары эскертилген.

Ушундай эле иш-чара Аксы районунун ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Кербен шаарында дагы өткөрүлүүдө.

Рейд 21-августка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий