• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун аймагында да арзан көмүр сатыла баштады - өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында да арзан көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн облустун Сузак, Базар-Коргон жана Тогуз-Торо районуна 100 тоннадан ашык арзан көмүр жеткирилип, элге сатыла баштады.

Күз-кыш мезгилинде тургундарга жеңилдик түзүү максатында КР президентинин тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагындагы жер-жерлерде арзан көмүр сатуу түйүндөрү уюштурулууда.

Базар-Коргон шаарынын М.Дамлажанов көчөсүндө жайгашкан топ базага арзан баадагы көмүр келип түшүп, 1 тоннасы 4 миң сомдон сатылууда. Ал биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеткиликтүүлүгү көзөмөлгө алынат.

Сузак районунун Барпы айыл өкмтүнүн Миң-Өрүк айылында тегирменде, Атабеков айыл өкмөтүнүн Бек-Абад айылында Кум-Бел көмүрү 3 миң 500, Маркай көмүрү тоннасы 4 сомдон сатылууда.

Мындан сырткары, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Казарман айылындагы Лизингде (эски ПМК) уюштурулган көмүр сатуучу базага “Кара-Кече” көмүр карьеринен дагы 100 тонна көмүр алынып келинип, элге сатыла баштады.

Пикир

Оставить комментарий