• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун аймагында дезинфекция иштери уланууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында дезинфекция иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 1-сентябрга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында 869 641м2 имараттын ичи, 1 639 202м2 имараттын сырты жана 7 006 691 миң погондук унаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 30 075 кг хлор, 33 985 литр суюк хлор, 28 064 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Дезинфекциялоо коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий