• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун аймагында мал базарлар жабылат

Аймак 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында мал базарлар жабылат. Мындай чечим Жалал-Абад облустук ыкчам штабы тарабынан кабыл алынды.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкүл Абсаттар Сыргабаев жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин жетекчилерине санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө багытында жумушту күчөтүүнү тапшырды.

"Ушундай учурда кырдаалды көзөмөлгө алып албасак эртең кеч болот. Милдетин аткара албай аткан жетекчилердин маселесин карайбыз. Кагаздагы отчет менен реалдуу абалыбыз эки башка болуп атат. Ким кандай иштеп атканын оорунун жыйынтыгына карап баалайбыз",- деди өкүл.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусу COVID-19 илдети көп аныкталган аймактардын катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий