• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда рейд учурунда түндө көчөдө жүргөн 14 бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында өтүп бараткан жума аралыгында "Селсаяк" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага жалпы 300дөн ашуун шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, билим берүү бөлүмү, социалдык коргоо бөлүмдөрү, балдар иши боюнча комиссиясынын жана башка өкүлчүлүктөн 100 ашуун кызматкерлер катышып, жалпы - 131 соода түйүндөрү, 79 жер төлөлөр, 45 компьютер жана интернет клубтар жана башка 49 жайлар текшерилди.

Рейд учурунда облустагы автоунаа жүрүүчү, токтоочу жерлерде, ыңгайсыздык жаратып, жолдо кайыр сурап турган өспүрүмдөр да аныкталып, милиция бөлүмүнө алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле түнкү саат 22:00 дөн кийин ата-энесининин же чондордун коштоосу жок жүргөн 14 бала аныкталып, кээ бир ата-энелерине КРнын Бузуулар кодексинин 74-1-беренесинин негизинде протокол толтурулуп, тийиштүү материалдар балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлдү.

Андан сырткары, мектептерде чон класстын окуучуларынын арасында ата-энелердин катышуусунда кылмыштуулукту болтурбоо, мектеп рэкетчилигин жоюу боюнча лекциялар өтүлүп, түшүндүрүү иштери алынып барылды.

Пикир

Оставить комментарий