• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун аймагында сутка ичинде 19 миң 815 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылды - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 17-май күнү Жалал-Абад облусунун аймагында 449 чарчы метр имараттын ичи, 680 чарчы метр имараттын сырты жана 19 815 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 281 литр суюк хлор, 7 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий