• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун аймагында ысырапкорчулукка бөгөт коюу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында ысырапкорчулукка бөгөт коюу иштери уланууда, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, президенттин ысырапкорчулукка каршы жарлыгынын алкагында Жалал-Абад шаардык милициясынын начальниги Алмазбек Кубатбеков Курманбек аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда жарлыктын аткарылышына кайдыгер карабастан, ыксыз чыгымдарды азайтуу керектиги белгиленди.

Ал эми Тогуз-Торо райондук милиция бөлүмүнүн начальниги Талантбек Сабырканов баштаган топ Додомол жана Кош-Булак айылдарына барышып, жарлыктын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда бири-бирине атаандашпай, элдин биримдикте болуп, кереги жок адаттардан арылуу зарылдыгы айтылды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштерин кубаттаган жергиликтүү тургундар арбын болууда.

Эскерте кетсек, той-аш, жамандык-жакшылыктардагы ашыкчы чыгымдан арылуу максатында президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий