• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 17-майда саат 12:57де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Токтогул районунун Кетмен-Төбө, Үч-Терек айылдарында 3 балл, Токтогул шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий