• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 11.05.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 11-майда саат 05:00дө катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Жийде, Бак-Абад, Жар-Кыштак айылдарында 4 балл, Дардак айылында 3,5 балл, Кара-Суу, Таш-Булак аылдарында 3 балл, Ош облусунун Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий