• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун аймагындагы бийик тоолуу көлдөр изилденүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагындагы бийик тоолуу көлдөр изилденүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-авгусунан 11-августуна чейин ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жана Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын адистери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагындагы бийик тоолуу көлдөрдүн абалына изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда Токтогул районунун аймагындагы Кара-Суу, Капка-Таш Көл көлдөрү, Аксы районунун аймагындагы Кара-Камыш, Сары-Челек көлдөрүнө изилдөө иштери жүргүзүлүп, көлдөрдүн абалы туруктуу экендиги аныкталды. Ала-Бука районунун аймагындагы Көк-Ала көлү, Ноокен районунун аймагындагы Кутман-Көл бийик тоолуу көлдөрү да изилденет.

Пикир

Оставить комментарий