Аксы районунда 50 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 50 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун Кош-Дөбө айыл округуна караштуу Корук участкасында курулушу аяктап калган бала бакчанын иш ыргагы менен облус башчысы Нурболот Мирзахмедов барып таанышты.

Аталган мектепке чейинки билим берүүчү мекеме республикалык бюджеттен каржыланып, 21 миллион сом акча каражаты каралса, тендер аркылуу 18 миллион 500 миң сомдук курулуш иши жасалууда.

Облус башчысы имаратты бүткөрүүдө сапатка басым жасоо керек экенин айтып, бардык тиешелүү шарттар менен камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи

Корук участкасында жалпы 7 бала бакча бар, анда 450гө жакын бала тарбияланат. Айылда дагы 2 бала бакчага муктаждык бар.

Пикир

Оставить комментарий