• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда облус аймагындагы айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, көлөмүн арттыруу, экспортко жол ачуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытындагы маселелер талкууланды.

“Өлкөнүн түштүк аймагындагы чакан жана орто ишкердикти колдоо максатында 2020-жылдан 2025-жылга чейин ЮСАИДдин "Агро соода" долбоору башталган. Жолугушууда алгач облустагы өнүктүрүүчү ишкердик субъекттери тандалып алынаары, жаңы долбоорлорду каржылоого да мүмкүнчүлүк бар экени айтылды. Аялдар жетектеген өндүрүштөргө көмөк көрсөтүү, жаштарды жумуш менен камсыздоого басым жасалаары белгиленди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, жолугушууда өткөн жылы облуста 350 миң тоннага жакын сүт өндүрүлүп, анын 3 пайызга жакыны кайра иштетилгени, эт өндүрүмү 68 миң тоннага жеткени, андан тышкары 50 миң тоннага жакын мөмө-жемиштин 15 пайызы экспорттолгону белгилүү болду.

"Өкүл бул багытта облустагы мүмкүнчүлүктөр чоң, бирок ошол эле учурда кайра иштетүү жагы солгундугуна токтолду. Аны менен катар аймакта жүндү жана терини иштетүүчү жайлар жоктугунан пайдаланылбай жатканын айтып, долбоордун алкагында маселени камтуу сунушуна токтолду. Облус башчысы элдин түйшүгүн жеңилдеткен натыйжалуу долбоорлор менен бирге иш алып барууга кызыктар экенин билдирди”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий