• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун башчысы АКШнын «Миссури» университетинин студенттери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев АКШнын "Миссури" университетинин студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчулүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн ыйгарым укуктуу өкүл аталган окуу жайдын облуска келген студенттерин жана профессордук-окутуучулук курамын кабыл алды. Жолугушууда Жалал-Абаддын өнүгүүсүндөгү проритеттүү тармактардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берилди.

Облус башчысы ар тараптуу алакаларды өнүктүрүүдө чет өлкөлөр менен болгон мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Жаштардын билим сапатын жогорулатууда "Миссури" университети менен Жалал-Абаддын жогорку окуу жайларынын кызматташуу аракеттерин колдоого алаарын билдирди.

Учурда аталган университет менен Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик жана К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык окуу жайлары биргеликте иш алып барууда.

АКШнын "Миссури" мамлекеттик изилдөө университети 1839-жылы негизделген. Ал Миссури штатынын Колумбия шаарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий