• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы Аксы районундагы бир нече социалдык курулуштар менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Нурболот Мирзахмедов Аксы районуна болгон иш сапарынын алкагында бир нече социалдык курулуштар менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл алгач Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү курулушу башталып жаткан Жеңижок атындагы орто мектебине капсула салды. Аталган мектептин курулуш иштери Бириккен Араб Эмираты тарабынан каржыланууда.

Ошондой Н.Мирзахмедов аталган айылдагы Жаныбеков атындагы орто мектепте жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышып, мектептин эмгек жамаатына алгылыктуу иштери үчүн жогору баа берди.

Андан соң, ал Авлетим айылындагы курулушу аяктаган көпүрө менен да таанышып өттү.

Жерге-Тал айылындагы курулуп жаткан логистикалык борбор менен таанышууда, айыл өкмөт жетекчилигине бир катар кемчиликтер айтылып, андан жыйынтык чыгаруу талабы коюлду.

Облус башчысы иш сапарынын акырында Ак-Терек каналындагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, курулуш иштеринин сапатын жеринен көрдү.

Пикир

Оставить комментарий