• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы Аксы районунун селден жабыркаган айылдарын кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Аксы районунун селден жабыркаган айылдарын кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкулчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы районунда 11-май күнү катуу жааган жаандын кесепетинен, Кызыл-Туу айыл аймагынын Жылгын айылындагы Кожо-Ата дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 17-чакырымында көпүрөнүн жээктерин жууп, авариялык абалга келген.

Учурда Жылгын жана Аркыт айылдарын байланыштырып турган көпүрөдө жөө адамдар каттоого гана мүмкүнчүлүк бар. Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, айылда жалпы 5 көпүрө жабыркаган.

Облус башчысы абалды жеринен көрүп, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, райондук жол тейлөө ишканасынын жана жергиликтүү бийликке тургундардын коопсуздугун сактоо менен бир жуманын ичинде убактылуу көпүрө куруп, каттамды жандантуу тапшырмасын берди. Селден жабыркаган турак үйлөрдү жана жол жээктерин тазалоо иштерине жетиштүү техникаларды тартып, жумуштарды тездетүү керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Жылгын жана Аркыт айылдарында 350 кожолукта 1600дөй адам жашайт.

Пикир

Оставить комментарий